Радио

Депутат: борборго кошулган соң айылдарыбыздын маселеси калып калбашы керек

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сыргак Майрамбек уулу айылдык кеңеш менен шаардык кеңештин депутаты болуудагы айырмачылыктарга токтолду.
Sputnik
Буга чейин Новопавловка айыл аймагынан депутат болуп келген Сыргак Майрамбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып, бир мандат менен шайланып келгендиктен маселе кабыргасынан коюлуп чечилип келгенин белгиледи. Анын айтымында, учурда шаардык кеңешке кошулгандан кийин бир топ айырмачылыктар байкалган.
Сыргак Майрамбек уулу аймактык реформанын алкагында борбор калаага сегиз айыл өкмөтүнүн кошулушуна тургундардын каршылыгы жок экенине да токтолду.
"Борбор калаанын чоңоюшун, иреттелишин барыбыз эле күтүп келгенбиз. Биздин айыл аймактарынын шаарга кошулуп статус алышына жергиликтүү тургундар каршы эмес. Шаар макамын алса эле керемет көрүнүштөр болуп кетет деп күткөндөр да бар. Баары акырындык менен ишке ашарын көпчүлүгүбүз түшүнүп турабыз. Ошентсе да шаар бийлиги кошулган сегиз айыл аймагынын чарбалык маселелерин кечиктирбей, күттүрбөй чечип берип иштейт деп күтөбүз. Мисалы, өзүм эл өкүлү болуп келген Новопавловка айыл аймагында мал чарбачылыгы, жер иштетүүдөн сырткары да турак жайга жер берүүдөгү көйгөйлөр көп. Жашоочулар күндө ар кайсы мамлекеттик органдын эшигин каккылап документ иштерин бүткөрүп жүрүшөт. Мына ушул маселелерде аткаруу бийлиги ыкчамдыгын көрсөтүшү зарыл деп эсептейм. Андан сырткары, бюджеттерибиз кабыл алынып, иштер пландалып калган. Ошолорду иретинен бузбай ишке ашырып беришсе. Айылдык кеңештерден келген депутаттар өз кезегинде Бишкек шаардык кеңештеги кесиптештерибиз менен туура саясий чечимдерди кабыл алып берүүгө даярбыз", — деди Майрамбек уулу.
Эл өкүлү айылдык кеңештерден кошулган депутаттардын учурдагы негизги милдети тургундарга түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү болуп жатканын кошумчалады.