Быйыл айдоо аянттары төрт миң гектарга көбөйүп, 1 миллион 236 миң гектарга жетти. Бул тууралуу Нурдин Довлетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, колдонулбаган айыл чарба жерлерин өздөштүрүү улантылууда.
"Былтыр 1 миллион 232 миң гектар жер айдап-себилген. Быйыл пайдаланылбай калган жерлердин эсебинен айыл чарба жерлери төрт миң гектарга көбөйүп, 1 миллион 236 миң гектарга чыкты. Мунун ичинен буудай 240 миң, арпа 240 миң жана жүгөрү 112 миң гектарга эгилет. Чанактуулар 55 миң гектарга себилет деп пландалууда, ал эми кызылча 14 миң гектарга айдалат. Өлкөдө 700 миң тоннадай картошка керектелет, бирок аны өндүрүү 1 миллион 200 миң тоннанын тегерегинде. Ысык-Көл облусунда дагы ушул картошканы көп өстүрүшөт. Аны айрым учурларда сатууда көйгөйлөр кездешип калууда. Мына ошондуктан Көлгө быйыл 100 гектар кызылча өстүрүү пландаштырылууда. Кант заводдору урук менен камсыздап, логистикасын уюштуруп бере турганын айтышууда. Кийинки жылдарда дагы кызылча көбөйө турганын мерчемдесек болот. Аны сатуу дээрлик көйгөй жаратпайт", — деди Довлетов.
Ошондой эле ал быйыл үрөн, күйүүчү май жана жер семирткич менен камсыздоодо маселе болбой турганын кошумчалады.