14-мартка карата аба ырайы

14-мартка караган түнү республиканын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас өрөөнүндө -3...+2, Ош, Жалал-Абад облустарында +3...+8, Баткенде +2...+7, Ысык-Көл жергесинде -1...+4, Нарында -2...-7 градус суук болору айтылды.
Түнкүсүн Бишкекте бир аз кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +2...+4, Ошто +6...+8 градуска жетет.
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстан боюнча 16-мартка чейинки аба ырайы