Радио

"Түндүк" порталында 150дөн ашык кызмат көрсөтүлүп жатат

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов кезек күткөндөрдүн санын азайтуу максатында Калкты тейлөө борборунун онлайн-кызматтары көбөйөрүн айтты.
Sputnik
Мамлекеттик "Түндүк" порталында 150дөн ашык кызмат көрсөтүлүп жатат. Ал эми "Түндүк" тиркемесин 1,5 миллиондон ашык адам көчүрүп алганын Чыңгыз Аманатов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Түндүк" порталы аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлдү.
"Мамлекеттик "Түндүк" порталында 150дөн ашык кызмат көрсөтүлүп жатат. Ал эми "Түндүк" тиркемесин 1,5 миллиондон ашык адам көчүрүп алды. Санариптештирүүнүн алкагында бир катар чечимдерди кабыл алып, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бардык жеңилдиктер, шарттар түзүлүүүдө. Акыркы учурда онлайн-кызматты колдонгондордун саны өсүп, эл көнүп калды. Алсак, портал аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлдү. Мындан тышкары, кезек күткөн учурларды азайтуу максатында Калкты тейлөө борборунун онлайн-кызматтарын көбөйтүү иштери жүрүүдө. Ушул жылдын алкагында санариптештирүү багытында мамлекеттик органдар менен сүйлөшүп, иштер жасалат", — деди Аманатов.