БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россиянын нефть жана газ экспорту Чыгышты көздөй бурулган тенденцияны сандар менен алганда бир топ кызыктуу экенин байкоого болот. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы маалыматтарды таратты.
Россия 2023-жылы достук маанайдагы өлкөлөргө көмүр суутектерин сатып, 187 млрд. доллар тапкан. Бул санкциялар киргизилгенге чейин Москванын Европа өлкөлөрүнө мунай, газ жана көмүр экспорттоодон түшкөн кирешесине караганда 56 миллиард долларга көп.
Эгерде ЕБ 2022-жылга чейин РФтен орточо эсеп менен 102,5 млрд. долларлык продукция алса, 2023-жылы 31,6 млрд. долларды түзгөн. Анткен менен ортодогу төмөндөөнү жакшы алака-катыштагы мамлекеттерге соодалоодон түшкөн киреше кайра көтөргөн.
Өткөн жылы Түркия, Кытай, Индия, Бразилия, Индонезия жана Малайзияга аталган продукцияларды сатып, Россия 186,7 млрд. доллар тапкан.