Америка чалгыны: Россия АКШ менен да, НАТО менен да чатакташкысы келбейт

Докладдын авторлору Россияны "туруктуу жана жөндөмдүү каршылаш" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россия АКШ менен да, НАТО менен да аскердик кагылышты каалабайт. Бул туурасында Американын улуттук чалгын кызматынын жылдык докладында жазылганын РИА Новости билдирди.
"Россия, кыязы, АКШнын да, НАТОнун да күчтөрү менен түзмө-түз жаңжалдашууну каалабайт. Өздөрүнүн эсеби менен алганда башкалардын кадамына жооп кылган ишмердүүлүгүн дүйнөлүк масштабдагы чатактын босогосунан төмөнүрөөк деңгээлде улантат", — деп айтылат отчетто.
Муну менен катар эле докладдын авторлору Россияны "туруктуу жана жөндөмдүү каршылаш" деп атаган.
Акыркы учурда Батышта НАТО менен Россиянын түзмө-түз куралдуу кагылышы жана Украинага аскер жөнөтүүсү туурасында көп айтыла баштады.
Москва бул альянстын конфронтацияга умтулуп жатканын, бирок мындан аркы кадамдарынын кеңири ташталышы Европага болуп көрбөгөндөй эле кооптуулук жаратарын бир нече ирет айткан. Кремлден муну менен катар эле Россия НАТОнун бир дагы мүчөсүнө коркунуч келтирбестигин, бирок улуттук кызыкчылыктарына коркунуч жаралса, аны көңүл сыртында калтырбастыгын эскерткен. Анткен менен тең укуктуу негизде диалогго ачыктыгын, Батыштын континентти куралдандыруудан баш тартышы керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова РФ менен НАТОнун кагылышуу ыктымалдыгын айткандарга жооп берди