Ошто боор, бөйрөккө операция жасала баштайт

Ошто боор, бөйрөккө операция жасала баштайт
ОшМУнун дарыгерлери операция жасоо үчүн атайын окутуулардан өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы мамлекеттик университеттин медициналык клиникасында боорго, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Операции на печени и почках начнут делать в Оше
Билдирмеге караганда, калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Түркиядан келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен жолуккан.
"Жолугушууда түркиялык профессор Ахмет Кызылай İnönü университетинин ОшМУ менен түзүлгөн меморандумунун алкагында окуу жайдын клиникасында баш сөөк, боор, бөйрөк органдарын алмаштыруу боюнча операцияларды жасап, ал үчүн окуу жайдын дарыгерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окутуулар жүргүзүлөрүн айткан", — деп жазылат маалыматта.
Мэр бул демилгени колдоп, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирген.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөдө бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган.
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева
Радио
Ибраева: бөйрөк алмаштыруу операциясы бекер, бирок изилдөөгө төлөнөт