Дүйнөдө илимдин рентабелдүүлүгү 1 500 пайызды түзөт. Анткени каалаган адам эле окумуштуу боло албайт. Бул тууралуу Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, илим коомго же ошол тармакка пайда алып келиши керек.
"Окумуштуу — кадимки эле бир тармактын адиси. Болгону башкалардан айырмаланып, аналитикалык ой жүгүртүүсү жакшы өнүккөн. Анан улам билимин, тажрыйбасын өстүрүп келе жаткан инсан. Базар экономикасы шартында илим коомдун бир тармагына пайда алып келиши керек. Ошондо гана мамлекет, коом илимий продукцияны колдонот. Дүйнөдө рентабелдүүлүгү боюнча илимге жеткен бир дагы тармак жок. Анткени анын натыйжалуулугу 1500 пайызды түзөт. Башкача айтканда, илим 15 эсе пайда алып келет. Анткени каалаган адам эле окумуштуу боло албайт. Ал эми илимий жыйынтыктарга таянуу менен кабыл алынган чечимдер жакшы натыйжа берип, чыгымды дагы азайтат. Өкмөт мына ошого баруу зарылдыгын белгилеп, аталган тармакта реформаны баштоодо. Илимдер академиясынын институттары ЖОЖдор менен интеграцияланууда", — деди Баетов.
Ошондой эле ал институттар илимий кызмат көрсөтүү аркылуу өзүн-өзү каржылап, ал тургай пайда табууга жетүү зарыл экенин кошумчалады.