Бишкекте 20 күндөн кийин жаңы эвакуаторлор ишке кирет. Сүрөт

Ар бир машина 33,5 миң доллардан сатып алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте автоунааларды туура эмес токтоткондорго каршы күрөшүү үчүн муниципалдык эвакуаторлор сатып алынууда. Бул тууралуу "Жол-транспорттук инфраструктура" ишканасынын башчысы Ренат Султамамытов билдирди.
1 / 2

Бишкекте автоунааларды туура эмес токтоткондорго каршы күрөшүү үчүн муниципалдык эвакуаторлор сатып алынууда

2 / 2

Анын айтымында, муну менен мэриянын балансында Кытайдан чыгарылган Shacman X9 үлгүсүндөгү 10 эвакуатор болот. Анын жетөө Кыргызстанга алып келинди.

Анын айтымында, муну менен мэриянын балансында Кытайдан чыгарылган Shacman X9 үлгүсүндөгү 10 эвакуатор болот. Анын жетөө Кыргызстанга алып келинди.
"Бул техникалар 20 күндөн кийин ишке кирет. Анткени бажыдан жана каттоодон өткөрүүгө, ошондой эле айдоочуларды окутууга убакыт кетет", — деди Султамамытов.
Ар бир машина 33,5 миң доллардан (дээрлик 3 млн. сом) сатып алынган. Алар автокөлүктөрдүн эки дөңгөлөгүн көтөрүп сүйрөтөт. Эгер сүйрөөгө ылайыкталбаса астына дөңгөлөктүү домкрат салып, алып кетет. Жолтандабас, кичи автобустарды дагы тартып кетүүгө жөндөмдүү.
Бул эвакуаторлордун узундугу — 6,4, туурасы — 2,3, бийиктиги 2,8 метр. Учурда документтери таризделип жатканы белгиленди. Апрелдин башында калаада иштей баштайт.
Бишкекти көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды