Радио

Султанов: Бишкек шаардык кеңешинде 235 депутаттын болушу убактылуу көрүнүш

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов аймактык-территориялык реформанын негизинде курамы көбөйгөн шаардык кеңештин ишине токтолду.
Sputnik
Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар болчу. Учурда аймактык-территориялык реформанын негизинде 235 депутат болдук. Бирок мындай көрүнүш убактылуу. Бул тууралуу Токтосун Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Президенттин жарлыгы менен аймактык-территориялык реформанын негизинде борбор калаага сегиз айыл өкмөтү кошулду. Мындан улам шаардык кеңештин депутаттарынын саны 235ке жетти. Иш жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралып жатат. Анткени биздин регламент толугу менен фракцияларга ылайыкташкан. Ал эми айылдык кеңештен келген кесиптештер бир мандат менен шайланган. Буга байланыштуу убактылуу регламент менен иштөөгө туура келгендиктен жумушчу топ түзүлөт. Бирок регламенттин өзгөрүшүн күтүп отурбай айылдык кеңештин буга чейинки төрагалары, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, шаар башчысы биригип, буга чейин кабыл алынган бюджеттерди бекитүү талкууланды", — деди Султанов.
Ал айыл өкмөттөрүндө чарба жумуштары да шаардыкынан айырмаланарын белгиледи.
"Мал чарбасы, жер айдоо деген сыяктуу иштер бар. Тургундар реформадан улам кандайдыр бир ыңгайсыздыктарга туш болбой жай турмушун улантышы үчүн 235 депутат күнү-түнү иштеши керек", — деди Султанов.
Ал реформанын алкагында кеңештердин аппараттарында кыскартуулар болгонун кошумчалады.