Акылбек Жапаров ЕЭК төрагасы менен жолукту. Талкууланган маселелер

Жолугушуу Бишкекте өттү. Сагинтаев быйыл Евразиялык экономикалык комиссиянын жетекчиси болуп дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бүгүн, 12-мартта, Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолукту.
Белгилей кетсек, Сагинтаевди президент Садыр Жапаров да кабыл алган.
Жапаров Бакытжан Сагинтаевди Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады.
"Тараптар евразиялык күн тартип, өз ара кызматташууну күчөтүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, соодада товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, биримдиктин комиссиясынын ыйгарым укуктарын күчөтүү сыяктуу маселелерди талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Бул жолугушуу тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы да кабарлады. Маалым болгондой, тараптар евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелерин, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык ишмердүүлүгүн санариптештирүүнү талкуулашкан. ЕАЭБде 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге карата экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларация "Евразиялык экономикалык жол" интеграциялык кызматташуусунун багыттарын санариптик трансформациялоонун негизги принциптерин аныктай турганы белгиленди.
"Жакынкы келечекте ЕЭК өз күчүн санариптик жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багыттайт. Келерки жылы ЕАЭБ өлкөлөрү жана комиссия бул процесстин жыйынтыгына өз баасын берет", — деп Евразия экономикалык комиссиянын билдирүүсүндө айтылат.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө интеграциялык кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы өнүктүрүү талкууланды.
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы кошумчалагандай, Египет менен эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2024-жылы аяктаары күтүлүүдө. Ошондой эле Индонезия жана БАЭ менен да ушундай сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.
ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору боюнча макулдашты