"Ак илбирс" кино сыйлыгына талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды

Сынакка 2023-жылдан баштап тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин арыздарын кабыл алуу башталганын уюштуруучулар кабарлашты.
Билдирмеге караганда, сынакка 2023-жылдан баштап тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат.
Документ тапшыруу мөөнөтү 30-апрелде аяктап, сыйлык тапшыруу аземи Бишкекте 17-майда өтөрү белгиленди.
Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:
Мыкты тасма;
Мыкты режиссёр;
Мыкты сценарий;
Мыкты оператор;
Мыкты сүрөтчү;
Мыкты композитор;
Мыкты үн режиссёр;
Мыкты монтаж;
Эркектин мыкты ролу;
Аялдын мыкты ролу;
Мыкты даректүү тасма;
Мыкты кыска метраждуу тасма;
Көрүүчүлөр жактырган мыкты фильм;
Улуттук кинематографияга кошкон салым;
Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;
Борбор Азиядагы мыкты кино;
Борбор Азиянын мыкты актёру;
Борбор Азиянын мыкты актрисасы.
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы — кинематография жаатында мыкты адистерди сыйлаган жыл сайын өтүп жаткан иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү болуу максатында уюштурулуп келет.
Өлкөдө алгач ирет заманбап балет труппасы түзүлөт. Сынак жарыяланды