84 жыл мурда аяктаган совет-фин согушу, Финляндиянын убадасы. Видео

1940-жылдын 12-мартында советтик-финляндиялык кышкы согуш аяктап, анын жыйынтыгы менен Финляндия Москвага каршы түзүлчү душмандык коалицияларга катышпоого убада берген.
Sputnik
Анткен менен 1994-жылы аталган өлкө НАТОнун бир катар программаларына катышып, 2023-жылдын апрелинде альянска 31-мүчө мамлекет болуп кирген.
Ал кездеги советтик-финляндиялык кышкы согуштун жыйынтыгы менен финндердин чек арасы Ленинграддан ары 18ден 150 чакырымга чейин жылдырылган. Бир топ тарыхчылардын баасында, дал ушул факт Улуу Ата Мекендик согуш учурунда гитлерчилердин шаарга кирип келишине тоскоолдук жаратып, өзүнүн маанилүү ролун ойногон.