Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жалданма аскер Украинадан үйүнө баргандан кийин жанын кыйган

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 25 жаштагы британиялык жалданма аскер экс-премьер Лиз Трасстын коомчулуктун алдындагы кайрылууларынан кийин Украинага согушуу үчүн барып, мекенине кайтып келгенден кийин жанын кыйган. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасына таянып, Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы билдирди.
Гарри Греггдин саясатчынын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулган адам "демократия үчүн салгылашка катышат" деп айтканынан кийин Киевге аттанганын жазышты. ЖМК жалданма аскер үйүнө кайткандан кийин "согуштагы көргөн-билгендерин көңүлүнөн өткөрүп жибергенге жардамдашууга үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү болбогондугун" билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ министрлиги: НАТОчулар жалданмалардын атын жамынып Украина үчүн согушууда