Туризмди өнүктүрүү максатында жети облуска бирден конок үй салуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Болотбек Дыйканбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, ишкерлер бул тармакта тынымсыз иш алып барууда.
"Кыргызстан туристтерди төрт мезгил бою кабыл алууга ыңгайлуу өлкө болуп саналат. Албетте, айрым багыттары учурда жакшы өнүгө элек, маселен, ошол эле кышкы туризм жаңыдан ирденип келе жатат. Бирок келечекте бул багыт дагы кирешелүү тармак болуп каларына күбө болобуз. Мына ушул максаттарга жетүү үчүн учурда Туризмди колдоо фонду тарабынан бир катар иштер аткарылууда. Алсак, Жибек Жолун бойлой бир нече Rest Point салынды, дагы да салынууда. Мындан тышкары, жети облуска бирден мейманкана ачуу боюнча иш жүрүүдө. Чүй облусунда лыжа базасын ачуу, асма жолдорду куруу боюнча инвесторлор менен жолугушуулар болуп жатат. Жети-Өгүздө спорт комплексин куруу боюнча документтер даярдалып бүтүп калды. Ошондой эле Ысык-Көлдө Борбордук Азиядагы эң чоң лыжа базасын куруу тапшырмасы коюлууда. Жасалып жаткан иштерге карабастан бул тармакта аткарыла турган жумуштар көп. Ошол эле туристтерди жакшы маанай менен кабыл алуу жаатында коомчулукта жакшы адаттар калыптанышы керек. Таштанды жыйноо, аны иштетүү жаатында дагы көрүлө турган чаралар арбын. Анткен менен бул тармактын потенциалы кеңири", — деди Дыйканбаев.
Ошондой эле аталган багыттагы ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилип жатканын кошумчалады.