Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Талкаланган Abrams. Россиялык аскерлердин кезектеги олжосу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россиялык куралдуу күчтөр атайын операциянын жүрүшүндө Украинага америкалыктар берген Abrams техникасын иштен чыгарды.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Жоокерлер Донецкинин Авдеевка багытындагы Бердычи аймагында аталган айбаттуу согуштук техниканы атып, иштен чыгарган.
"Центр" тобунун аскерлери чабуул коюп, Орловка (Донецкиде) селосунан каршылаштарын беш таяныч жайлары менен кошо сүрүп чыгып, өздөрү кирген. Россиялык күчтөр танкага каршы Javelin ракеталык комплексин, Батыш үлгүсүндөгү миналарды, гранаталарды, америкалык карабиндерди олжологон. Мындан сырткары, Тоненькое айылынын түштүк-батыш аймагын бошотуп, украин аскерлеринен туткундап, Abrams танкасын талкалаган. Телеграм-канал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн колунда 31 техникадан 27си калганын жазды. Россиялык аскерлер атайын операция аймагында америкалык согуштук техникаларды, куралдарды биринен сала бирин жок кылып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев Батыш берген дагы бир танкасынан айрылды. Видео