РКӨФ коммерциялык маалымат борборун курууга 1 млн. доллар бөлөт

Борбор быйыл ишке кирип, санариптешүүнү өнүктүрүүгө жардам бермекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанда биринчи коммерциялык маалымат борборун курууга 1 миллион долларга жакын каражат бөлөт. Бул тууралуу РКӨФтүн маалымат кызматы билдирди.
Фонд башчысы Артем Новиковдун айтымында, борбор быйыл ишке кирип, санариптешүүнү өнүктүрүүгө жардам бермекчи. Мамлекеттик мекемелер, банк жана ишканалар жарандардын жеке маалыматтары менен тынымсыз иш алып баргандыктан бул долбоордун арты менен маалыматтар өлкөдө сакталып, сыртка чыгып кетүү коркунучу болбойт.
"Фонддун 2027-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруунун алкагында биз иш-чаралардын спектрин кеңейтип, дагы көп багытты камтыйбыз. Алардын бири IT-инфраструктурасы болмокчу", — деген Новиков.
РКӨФ Бишкек шаарындагы медициналык борбордун курулушун каржылайт