БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Промзона" түнкү клубунда тинтүү болуп, анда иштегендердин айрымдарынан баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин укук коргоо кызматкерлерине А. аттуу киши белгисиз адамдар менен бирге Бишкектин жана Чүй облусунун аймагында баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча иш козголгон.
"38 жаштагы Ч.А. аттуу жаран кармалып, анын үйүнөн баңгизат табылган. Бул иштин алкагында "Промзона" түнкү клубунун айрым кызматкерлери баңгизатын сатуу менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Милиция тинтүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 31 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү нашаа табылган", — деп жазылат билдирмеде.
Ал эми экинчи адамдын автоунаасынан медефрон заты алынган. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилгени, "Промзонанын" жетекчилигине юридикалык баа берилери кошумчаланды.