Радио

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин баасы өзгөрдү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору Чынара Момунова медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы эмне үчүн көтөрүлгөнүн түшүндүрдү.
Sputnik
Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-январындагы № 78 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы жөнүндө" буйругуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркы өзгөрдү. Бул тууралуу Чынара Момунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында бардык акушердик кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
"Жаңы тариф боюнча КР жарандары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жашап, эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү, качкындар, өлкөдө баш паанек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК полиси бир жылга 1 840 сомду түзөт. Ал эми чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн жарым жылга 5 955 сом, бир жылга 11 910 сом деп бекитилген. Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүктөр үчүн 12 айга 11 910 сом төлөө керек. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы Улуттук статистика комитети тарабынан калктын ар бир социалдык-демографиялык тобу үчүн иштелип чыккан жашоо минимумуна ылайык, ошондой эле өткөн календарлык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысынын негизинде аныкталат. Ал эми кош бойлуу аялдар анализ тапшыруу, кесарево операциясы, картаны каттоо, өз убагында катталбаганы үчүн кошумча төлөм төлөш керекпи деген суроо менен көп кайрылышат. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында бардык акушердик кызматтар акысыз көрсөтүлөрүн белгилейм. 2023-жылы Чуй облусу боюнча 12 500 адам полис сатып алган. Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 4 691 адам медициналык камсыздандыруу полисин алды", — деди Момунова.
Ал камсыздандырылган жарандар амбулатордук деңгээлдеги уюмдарда 42 медициналык кызматты акысыз жана эң керектүү делген дары-дармектин 500 түрүн 50-90 пайыз жеӊилдетилген шартта сатып аларын кошумчалады.