Бишкекте мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулушуна капсула салынды

Турак жай комплексинде соода борбору, бассейн, бала бакча, мектеп, спорт комплекси, жер астындагы унаа токтотуучу жай, велосипед жолдору болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексин курууга капсула салды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексин курууга капсула салды

2 / 4

Бишкек шаарынын 11-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 9,64 гектар жер тилкеси "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсына өткөрүлүп берилген

3 / 4

"Менин үйүм - 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруу максатында борбор калаада көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлгөн

4 / 4

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жалпы аянты 40 050 чарчы метр болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Жапаров 2021-жылдан бери бюджеттен 10,7 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 11-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 9,64 гектар жер тилкеси "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсына өткөрүлүп берилген. "Менин үйүм - 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруу максатында борбор калаада көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлгөн.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жалпы аянты 40 050 чарчы метр болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Жапаров 2021-жылдан бери бюджеттен 10,7 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Турак жай комплексинде соода борбору, бассейн, бала бакча, мектеп, спорт комплекси, жер астындагы унаа токтотуучу жай, велосипед жолдору болот.
Комплексти куруу долбоорун ишке ашыруу 60 айды түзөт, анын 12 айы долбоордук-сметалык документтерди даярдоого жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарда бекитүүгө каралган.
Мамлекеттик ипотека алуу үчүн аралыктан кантип арыз жазса болот? Түшүндүрмө