Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси талкууланды

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топторунун чек араны демаркациялоо комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
1 / 2

Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топторунун чек араны демаркациялоо комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча жыйыны болуп өттү

2 / 2

Тараптар 2023-жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга карата жолугушуулардын графигин бекитишти

Тараптар 2023-жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга карата жолугушуулардын графигин бекитишти.
"Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо, демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жыйыны Өзбекстанда өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды