Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч. Төрт аймакта оору күч алууда

Кызамык жана кызылча ооруларына каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабына даярдык көрүүнүн алкагында медиктер окутулуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Жыл башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 4 855 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кызамык өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында күч алууда.
"Мындан улам борбордун адистери кызамык жана кызылча ооруларына каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабына даярдык көрүүнүн алкагында медицина кызматкерлери үчүн окууларды өткөрө баштады. Анда медиктер аталган дарт боюнча элге туура маалымат жеткирүүнү үйрөнүшөт. Мындай окуулар өзгөчө эмдөөдөн өтүшү керек болгон балдардын ата-энелери менен туура байланышты түзүүгө жардам берет", — деп жазылат маалыматта.
Министр: 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, тогуз бала кызамыктан каза болду