БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 13-15-мартта аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы ыктымал. Айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. 13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-мартта күндүз жана 14-15-мартта абанын температурасы төмөндөйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4, Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2ге чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2, Нарында -10…-15, күндүз -3…-8 градус суук болушу күтүлөт.
Республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1ге чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9° градус суук болот. Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11 градус суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.