Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүнө ичүүчү суу берилбейт

"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, элди таза сууну эртелеп камдап алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 12-мартта Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотуларын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, эртең Анкара — Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы жана темир жол менен чектешкен тилкеде жана Октябрь көчөсүндө саат 9:00дөн 18:00гө чейин жок болмокчу.
Өчүрүү "ХБО" суу кампасында жана шаардык тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылды. "Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, элди ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырды.
Бишкекти көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды