АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди

22 жана 21 жаштагы жигиттер жол кырсыгынан мертинген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, алардын сөөгү 8-мартта эртең менен "Манас" аэропортуна жеткирилген.
22 жана 21 жаштагы жигиттер Филадельфия шаарында жол кырсыгынан мертинген.
Буга чейин соцтармакта Филадельфияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жигит каза тапканы, анын бири АКШга апасы менен жаңы эле барып жеткирүү кызматында иштеп жатканы тууралуу маалымат тараган.
Бишкекте тестиер кызды тебелеп кеткен фуранын айдоочусу эки айга камалды