12-мартка карата аба ырайы

12-мартка караган түнү айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 12-март, шейшембиде, күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Талас аймагында +11...+16, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын жергесинде 0...+5 градуска чейин жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн кескин сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты