Өлкөдө алгач ирет заманбап балет труппасы түзүлөт. Сынак жарыяланды

Жаңы балет труппасы Кыргыз улуттук филармониянын штатына кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Алгачы жолу Кыргызстанда кырк бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Труппага 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынары айтылды.
Сынак 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтөт. Анда советтик жана россиялык хореограф, "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духова төрагалык кылат.
Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын штатына кабыл алынат.
Кыргызстандыктар бий боюнча жарышта Австрияда биринчи орунду ээледи