Чехиялык Кристина Пышкова "Дүйнө сулуусу" аталды. Сүрөт

23 жаштагы модель бир нече тилде сүйлөп, Танзанияда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн англис тилиндеги мектеп ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Чехиялык Кристина Пышкова "Дүйнө сулуусу" сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Иш-чаранын финалы Индиянын Мумбаи шаарында өткөн. Билдирмеге караганда, бул — аталган мамлекеттин сулуулар сынагындагы экинчи жеңиши. 2006-жылы "Дүйнө сулуусу" титулун дагы бир чехиялык кыз Татьяна Кухаржова алган.
Пышкова 23 жашта, укук жана бизнести башкаруу тармагында билим алып жатканы айтылды. Ал бир нече тилде сүйлөп, Танзанияда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн англис тилиндеги мектеп ачкан.
Индия экинчи ирет "Дүйнө сулуусу" сынагын өткөрүп жатат, буга чейин аталган өлкөдө сулуулар сынагы 1996-жылы уюштурулган.
Планетадагы эң сулуу кыз аныкталды. Сүрөт