Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Politico: Франция Украинага аскер жөнөтүүгө даяр өлкөлөрдүн альянсын түзөт

Украинадан улам Франция менен Германиянын ортосунда пикир келишпестик жаралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Франция зарылдык жаралган учурда Украинага аскер жөнөтүүгө даяр мамлекеттердин альясын түзүп жатканын Politico басылмасы билдирди.
Басылма Франция президенти Эммануэль Макрондун Батыштан аскер жөнөтүү туурасындагы сөзүн эске салып, ЕБдин Германия, Чехия жана Польша башында турган өлкөлөрү буга каршы экенин белгиледи. Анткен менен, гезиттин айтымында, Эстония, Латвия жана Литва "сунушту колдоого даяр". Макалада Париждин мындай кадамы алды-артын карап этият болгон Германия менен мамилесинин курчушун шарттай турганы айтылган.
Эскерте кетсек, февралдын соңунда Макрон Россия "бул согушта жеңип чыкпашы үчүн" Франция колунан келген нерсенин баарын жасай турганын жар салган. Анын айтымында, батыш лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап, бирок азырынча бир пикирге келише элек.
Президентинин мындай идеясын франциялык партиялардын лидерлери да колдогон эмес. Алар Макронду жеңил ойлуулук менен өлкөнү согушка түртүп жатат деп айыптап, Улуттук жыйын менен кеңешкен жок деп кине коюшкан.
Франция президентинин сөзүнө Кремль үн катып, окуянын мындай өңүтү Россия менен НАТОнун түз кагылышуусун жаратарын айткан. "Украинага айрым контингентти жөнөтүүнүн" талкууланып жатышынын өзүн РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков маанилүү элемент деп атаган. Анын айтымында, Кремль Батыш мамлекеттеринин мындан аркы кадамдарына тыкыр көз салып турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык мурдагы чалгынчы: Макрон АКШны Россия менен согушка тартып жатат