"Ушуну менен бүттү". Эрдоган карьерасындагы акыркы шайлоо тууралуу айтты

Түрк лидери 26-февралда 70 жашка толду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 31-мартка дайындалган муниципалдык шайлоо саясий карьерасындагы акыркы шайлоо боло турганын билдирди. Бул тууралуу Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Тынбай иштедим. Бул шайлоо мыйзам чегиндеги ыйгарым укуктарыма ылайык акыркы шайлоо болуп калмакчы, бирок мен анын жыйынтыгын менден кийин келчүлөргө ишенип өткөрүп берем", — деген Эрдоган Стамбулда жаштар алдында сүйлөп жатып.
Эскерте кетсек, 26-февралда түрк лидери 70 жашка толду. 2014-жылдын августунан бери президенттик кызматты аркалап келет. Былтыр эки тур менен өткөн шайлоодо жеңишке жетишип, дагы беш жыл өлкөнү башкаруу укугуна ээ болгон.
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды мааракеси менен куттуктады