"ЕАЭБ сотунда чарба иштерин бештен судьяны камтыган коллегия карайт. Ал эми мамлекеттер аралык доо арыздарды 10 судья биригип карайт. Кандай маселе болбосун, чечим чыгарарда алгач эле өз мекениңе залакасы тийип калбайбы деп ойлойсуң. Анткени биз кандай болгон күндө да Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп барып жатабыз да. Мекенден алыста жүргөндө ага карата жоопкерчилигиң дагы да күчөйт экен. Бирок биз судьялык кызматка киришерде ант беребиз, жазылган мыйзамыбыз бар, так көрсөтүлүп турган келишимдер бар. Ошолордун алкагында иш алып барабыз. ЕАЭБ сотунун тогуз жылдык тарыхында мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринен терс пикир уга элекпиз. Ушул мезгилде 100дөн ашуун ишти караптырбыз. Бул жылына 10дон ашык чечим кабыл алуу деп айтканга жеңил болгону менен бир эле ишти кароодо бардык тиешелүү тараптарга 60-70тей сурам жиберебиз. Аларды иликтейбиз, айтор, жумушу көп жана өтө жоопкерчиликтүү", — деди Ажибраимова.