БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда Бириккен Араб Эмирликтеринин тажрыйбасын колдонууну көздөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БАЭден келген делегация менен жолугушуу учурунда айткан.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, өлкөгө "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын 2-этабынын башталышына байланыштуу БАЭнин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулло Нассер Лута баштаган делегация келген.
"Эки мамлекеттин биргелешкен аракеттеринин жана тыгыз кызматташуусунун аркасында алдыга коюлган максаттар жөн гана ишке ашырылбастан, күткөнүбүздөн да ашып түштү. Бул инновациялык долбоор кызматташтыктын ийгиликтүү жыйынтыгынын эң сонун үлгүсү болуп, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү", — деген Жапаров.
Ал Бириккен Араб Эмирликтери 50, 100 жылдык узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда чоң тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, бул багытта иштешүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин белгилеген.