Трамп Венгриянын президенти Орбан менен жолукту

Буга чейин Жозеф Байден Трамптын Венгриянын президенти менен жолугушуу боюнча планын сынга алган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Флоридадагы үйүндө жолукканын америкалык саясатчынын маалымат кызматы билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Трамп жана Орбандын Мар-а-Лагодогу жолугушуусунда Венгрия менен АКШга, ар бир элдин бекем чек арасына тиешелүү болгон суроолор талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Мурунку президенттин Орбан менен жолугушуу планын буга чейин АКШнын учурдагы башчысы Жозеф Байден сынга алып, жактырбаганын билдирген. Венгриянын өкмөт башчысы демократияга ачык эле каршы деген оюн айтып, "диктатураны издеп жатат" деп мүнөздөгөн.
Трамп: Байдендин учурундагы инфляция Американы жок кылууда