Министрлик электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү токтогонун билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Күн жылып, электр энергиясын керектөө кыйла төмөндөгөндүктөн 2024-жылдын 8-мартынан баштап жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 8-мартта, электр энергиясынын керектөөсү 61 миллион 117 миң кВт-саатты түзгөн, өткөн күндөрү орточо суткалык керектөөсү 70 миллион кВт-саатка жеткенин билдирген.
Душанбеде электр кубаты бир нече саатка өчүп, башка шаарларда катуу чектөө кирди