Бишкектеги хоккей чемпионатынын дивизиондук таймашы: капитанга туу ташырылды

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун А тайпасында ойнойт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Маданият министри Алтынбек Максутов Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасын кабыл алып, капитаны Кузьма Терентьевге мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Маданият министри Алтынбек Максутов Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасын кабыл алып, капитаны Кузьма Терентьевге мамлекеттик тууну тапшырды

2 / 3

10-16-март күндөрү Кыргызстанда хоккей боюнча экинчи жолу дүйнө чемпионатынын дивизиондук таймашы өтөт

3 / 3

Ал "Бишкек Арена" шаардык муз аянтчасында болот

10-16-март күндөрү Кыргызстанда хоккей боюнча экинчи жолу дүйнө чемпионатынын дивизиондук таймашы өтөт. Ал "Бишкек Арена" шаардык муз аянтчасында болот.

"Алтынбек Максутов иш-чара хоккейчилер үчүн чоң майрам экенин белгилеп, спортчуларга ийгилик жана жеңиш каалады. Ал жакынкы келечекте хоккейчилер Жогорку лигада ойной турганына ишеним артты", — деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун А тайпасында ойнойт, бул II дивизиондун В тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Чемпионатка Кыргызстан, Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембургдун командалары катышат.
Бишкекте хоккей боюнча чемпионаттын 3-дивизиондук таймашында 6 команда ойнойт