Баш бербей качкан айдоочуну кууп жетип, кармашты. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте автоунааны токтоп турган жеринен айдай качты деп шектелип, 22 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
7-мартта саат 21:30дар чамасында борбор калаадагы үйлөрдүн жанынан Audi А4 автоунаасы уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция "Перехват" планын жарыялап, машинаны Бишкек — Нарын — Торугарт жолунан токтотушкан, бирок айдоочу инспекторлорго баш ийбей качкан.
Кызматкерлер тил албаган айдоочунун артынан кууп жетип, жерге үстөмөндөтүп, колун толгоп кармашканы айтылды.
Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды