Чолпон-Атада тоого чыгып жоголуп кеткен төрт өспүрүм табылды

Балдар 8-март күнү кечинде байланышка чыкпай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Куткаруучулар Чолпон-Атада тоого чыгып, жоголуп кеткен төрт өспүрүмдү жакындарына аман-эсен өткөрүп берди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ 11 жаштагы үч өспүрүм жана 16 жаштагы бир бала тоого чыгып кетип, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аларды издөө кыйын болгондуктан милиционерлер ӨКМге кайрылган. Куткаруучулар балдарды түнкү 12де табышкан. Министрликтен алардын жакындары аман-эсен таап бергени үчүн куткаруучуларга ыраазылык билдиришкенин айтышты.
Ысык-Көлдө топоз кайтарып жүрүп өзүн атып алган киши аман калды