БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Жогорку окуу жайлары тапкан каражатынын 1 пайызын окумуштууларга жана тематикалык илимий изилдөөлөргө багыттайт. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, мындай норма илим жөнүндө жаңыдан кабыл алынган мыйзамда камтылган.
Углеродду нейтралдаштыруу, парник газын төмөндөтүү, климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жана экологиялык өнүктүрүү боюнча изилдөөлөргө артыкчылык берилет.
Финансылык автономия берилген ЖОЖдордун алдында стартаптарды, практикалык технопарктарды жана мектептердин деңгээлин жогорулата турган илимий база уюштуруу сунушталууда.
Министр жасалып жаткан иштердин баары өлкө экономикасын илим-изилдөө аркылуу көтөрүүгө багытталарын кошумчалады.