ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору боюнча макулдашты

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору аркылуу кызматташтык боюнча макулдашты. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
ЕЭКтин соода министри Андрей Слепневдун айтымында, келишим Ирандын жашылча жана мөмө-жемиштерин биримдиктеги өлкөлөргө масштабдуу түрдө жана ыкчам жеткирүүгө, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба продукцияларын Иранга сатууга шартталган.
1 / 2

ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору аркылуу кызматташтык боюнча макулдашты

2 / 2
Евразийский экономический союз (ЕАЭС) и Иран договорились о сотрудничестве по проекту "Евразийский агроэкспресс". 07 марта 2024 года
Тараптар кызматташтыктын майда-чүйдө жол-жоболору тууралуу кийинчерээк талкуулайт.

“Биз чече турган дагы башка маселелер бар. Бул өз ара эсептешүү, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, Ирандын транзити аркылуу Перс булуңуна жана Индия өлкөлөрү тарапка чыгуу”, — деди Слепнев.

“Евразиялык агроэкспресс” — темир жол жана мультимодель менен биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктү ташууну тездетүү, Азия жана Европа багытына экспорттоо.
Пресс-борбор
Эксперт: ЕАЭБ транспорт маселелерине чоң көңүл бурат