БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Үзүр Жүзүпбеков Түркиядагы эл аралык мелдеште коло байге утканын Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Спортчу 97 килограммга чейинкилер арасында күч сынашты. 1/16 финалда өзбекстандык, андан кийин грузиялык балбанды артта калтырган.
"Чейрек финалда ирандык балбанга утулуп, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Үчүнчү орун үчүн беттеште дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаровду жеңип коло байгени утту", — дешти департаменттен.
Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеш Түркиянын Анталья шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 33 балбан барары маалымдалган.
Кечээ балбан Айпери Медет кызы аталган мелдеште алтын уткан.
Турнир 7-мартта башталган, 11-мартта жыйынтыкталат.