Абактан чыгып сүйүктүүмдү жолуктурсам…Түрмөдө "мисс" атанган Хилоланын маеги

Бул — Кыргызстандагы аялдар үчүн салынган түрмө. Степное айылындагы №2 абакта учурда эркинен ажыратылган 200дөн ашуун аял бар. Алардын бири — Хилола Атажанова.
Sputnik
Ал жакында эле сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аталган.
"Жүрөгүм сезген. Бирок эч кимге айткан эмесмин. Түшүмдө көргөм. Анда президент менен ак тегерек столдо чай ичип отуруптурмун. Президентибиз мага ак чыныга чай куюп берген. 2023-жылы "Алтын күз" майрамында "мисс" болдум. Отряд үчүн бир телевизор утуп алдым. Таажы тагышты. Бул сезим... Кандай десем экен? Бул сезимди сөз менен жеткирип бере албайм", — деди Атажанова.
Андан дагы сүйүнгөнү — жакында Хилола эркиндикке чыгат. Апасы жол карап күтүп отурганын, туугандары, кошуналары, классташтарына чейин күтүп жатканын айтты.