БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Түндүк атлантикалык келишим уюмунун (НАТО) аскерлери Украинанын аймагына киргизиле турган болсо өзөктүк курал колдонулуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу 7-мартта Франциянын мурдагы премьер-министри Доминик де Вильпен билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
"Жогорку күчтөрдүн логикасы башкаруудан чыгып калганда кайра артка кайтууга мүмкүн болбогон эскалацияга алып келет", ― деп билдирген ал LCI телеканалындагы эфирде.
Мурдагы премьер-министрдин айтымында, өзөктүк күчтөрдү колдонуу боюнча азыркы сүйлөшүүлөр мындан 10-15 жыл мурунку саясатчылардын айткандарына салыштырмалуу келечектин бир топ реалдуу картинасын берет.
Анткен менен де Вильпен чыныгы коркунуч көбүнесе НАТОнун аскерлерин Украинада согушуу үчүн жөнөтүүгө даярдыгынан көз каранды экенин баса белгиледи.
"Ал (Франция президенти Эмманиуэль Макрон – ред.) согушкерлер же кеңешчилер, медайымдар же адистер тууралуу айттыбы? Эгерде согушка аскерлер гана катышсын десе, анда көйгөй жаралат", ― деген Вильпен.
Буга чейин Макрон Франциянын Украинаны колдоодо эч кандай чектөө жана кызыл чийиндери жок экенин айткан.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Макрон республиканын Украина согушуна кийлигишүү деңгээлин күчөтүүнү улантып жатканын айткан. Песковдун пикиринде, Москванын көз карашы боюнча, бул бардык жактан алып караганда Франция жарандарынын кызыкчылыктарына шайкеш келбейт.
Макрон 26-февралда кечке жуук Украина маселеси боюнча Парижде өткөн конференциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүп жатып, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери аскер жөнөтүүнү талкуулап жатканын, бирок бир пикирге келе электигин айткан. АКШ, Германия жана Улуу Британия баш болгон бир катар өлкөлөр муну четке кагышкан. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг мындай пландын жок экенин билдирген. Кийинчерээк Макрон өзү дагы жакын арада Украинага аскер жөнөтүлбөй турганын айткан.
РФ атайын операцияларды баштагандан бери Батыш өлкөлөрү Киевге каржылык, аскердик колдоо көрсөтүүнү күчөткөн. Бирок акыркы убактарда Батышта Украинага көмөк көрсөтүү азайтылышы керектиги боюнча кептер көп айтылууда.