Депутат Аида Исатбек кызы Дүйнөлүк жаштар фестивалына конок катары катышты

Фестивалга коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндөгү 20 миң чет өлкөлүк жаш лидер катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы Сириус федералдык аймагында өткөн Дүйнөлүк жаштар фестивалына ардактуу конок катары барып келди. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Масштабдуу иш-чарага бизнес, саясат, медиа, дипломатия, маданият, илим, билим берүү, волонтердук жана кайрымдуулук, спорт, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндөгү 20 миң чет өлкөлүк жаш лидер катышты.
1 / 3

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы Сириус федералдык аймагында өткөн Дүйнөлүк жаштар фестивалына ардактуу конок катары барып келди

2 / 3

Масштабдуу иш-чарага бизнес, саясат, медиа, дипломатия, маданият, илим, билим берүү, волонтердук жана кайрымдуулук, спорт, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндөгү 20 миң чет өлкөлүк жаш лидер катышты

3 / 3

Эл өкүлү "Үй-бүлөнү балдар жана тынчтык үчүн сактайбыз" жана "Полицентрдик доордогу билим жана илим" аттуу панелдик талкууда куттуктоо сөзүн айткан

Эл өкүлү "Үй-бүлөнү балдар жана тынчтык үчүн сактайбыз" жана "Полицентрдик доордогу билим жана илим" аттуу панелдик талкууда куттуктоо сөзүн айткан.
"Евразиялык идеяларды талкуулоо, илгерилетүү жана интеграциянын натыйжалуулугу үчүн аянтчаны түзүү КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк берет", — деди Исатбек кызы.
ЖКнын маалымат кызматы эң таасирдүү эпизод жабылыш аземиндеги катышуучулар менен коштолгон "Өлбөс полк" акциясы болгонун жазды. 188 өлкөнүн жаштары Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды эскерип, каза болгон жоокерлердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан.
Фестиваль – бул жаңы достуктун башталышы жана ар түрдүү элдердин маданияты жана каада-салттары менен таанышууга аянтча болуп берди.
Путин: Россияда дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык