Сириус: Жаштар фестивалынын коноктору Россияга, Путинге ыраазылык билдиришти

Жаштар форумдан алган таасирлер көпкө созуларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Россиянын Сириус федералдык аймагында өткөн Жаштардын дүйнөлүк форумуна чакырылган чет элдиктер Россияга жана анын лидери Владимир Путинге ыраазылыгын билдирип, ойлору менен бөлүштү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Франциядан келген кыз Россиядагы аталган иш-чарага катышканы ал үчүн сыймык экенин, Сириустагы башка чет элдиктер да курсант болуп кайтып баратканын айтып берди.
"Уюштуруучуларга, бул мүмкүнчүлүктү түзүп бергендерге, өзгөчө Путинге, Россияга чоң рахмат", — деген ал.
Мексикадан келген конок фестивалдан алган таасирлери көпкө созуларын айтты.
Эквадордон келген жигит фестивалга түпкү элдин өкүлдөрү, андан сырткары, байманалуу аймактарда жашабаган жөнөкөй жаштар чакырылгандыгын белгилеген.
"Чындыгында эквадорлуктарга мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген Россияга рахмат", — деген ал.
Эске салсак, 1-6-мартта Россияда Жаштардын дүйнөлүк фестивалы өттү. Аны Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгы менен Сириус федералдык аймагында Росмолодёжь уюштурду. Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашты. Жаштар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болду.
Кыргызстандын атынан фестивалга 230га чукул адам катышкан.
Россия — эми силердин досуңар! Путин Сириуска келген жаштарга кайрылды