Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина НАТОго кирсе да Батыштын аны коргоп турарына кепилдик жок

Батыш өлкөлөрүнүн Россия менен тикелей кармашуудан баш тарткан азыркы позициясы Киев альянска киргенде да сакталып калышы толук мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ал тургай НАТОго кирсе да Киевге батыштык аскерлердин коргоо кепилдиги жок экенин Гарвард университетинин профессору Стивен Уолт айтканын РИА Новости Foreign Policy басылмасына таянып жазды.
"Түндүк атлантикалык келишимдин V беренеси блоктун мүчөсүнө кол салуу болсо, башкаларын согушууга милдеттендирбейт", — деп түшүндүргөн эксперт.
Уолттун айтымында, АКШ аталган беренени "НАТО кандай кылууну кааласа, ошондой жасайт" деген нерсеге байлагысы келип турат. Андай болгон күндө блоктогу өлкөлөргө өзүнүн армиясын башка мамлекетти коргоо үчүн сөзсүз колдонуп кереги жоктугун кошумчалады.
Эксперттин айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн Россия менен тикелей кармашуудан баш тарткан азыркы позициясы ал тургай Киев НАТОго мүчө болгондо да сакталып калышы толук мүмкүн.
"НАТО эми сыйкырдуу калкан эмес да", — деп Уолттун айтканы украиналыктарды бул жаатта ойлонууга түрткөн.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Кремль Зеленскийдин НАТОго кирүү өтүнүчү туурасында кабардар экендигин жана ага ар кыл реакцияларды уккандыгын билдирген. Аны айтымында, Москва кырдаалга көз салып турат, Киевдин аскердик альянска умтулганы Россиянын Украианадагы атайын операциясын баштоого себеп болгон. Президент Владимир Путин 2022-жылдын июнь айында Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу ыктымалдыгы жөнүндө кеп кылып жатып, Россиянын буга каршылыгы жоктугун, себеби ал аскердик блок эместигин белгилеген.
ЦРУнун экс-агенти НАТО күчтөрү Украинада эмне менен алек экенин ачыктады