БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын жабылыш аземинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары эскерилди.
Трибунада "Өлбөс полктун" элесин берген символикалар пайда болду. Жаштардын басымдуу бөлүгү алааматтуу согушта курман болгон жоокерлердин портреттерин көтөрүп турушту.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-мартында Россияда Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталган. Ал Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурду. Буга дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашты. Жаштар — спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү.
Кыргызстандын атынан фестивалга 230га чукул адам катышты.