Сириуста болгон Жаштар фестивалынын жыйынтыгы тууралуу айтып беришти

Кириенко дүйнөлүк форумга Украинадан да делегаттар келгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Дүйнөнүн ар кыл бурчунан келгендердин ичинен 250 улан-кыз Россия президенти Владимир Путин менен жолугуп, ачык-айкын, эркин баарлашты. Бул туурасында Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын жыйынтыгы боюнча РФ президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Негизи президенттин дүйнөнүн ар кыл бурчунан келген жаштар, 250 адам менен жолугушуусу 45 мүнөткө эсептелип, бирок эки сааттан ашык убакытка созулуп кетти. Дүйнөлүк башкы лидерлердин бири дүйнөнүн бардык жаштары менен баарлашып жаткандай элес калды. Өтө олуттуу, мазмундуу, башкаларга үлгү болчудай өттү. Таасирленгеним, Владимир Владимирович алар менен бир толкунда болуп, курбуларча сүйлөштү", — деди ал.
Кириенко, мындан сырткары, дүйнөлүк форумга украиналык делегация да катышканын айтты.
"Россияны эсептебегенде 188 өлкө болду. Өзүн кошкон туура эле, андыктан 189 мамлекеттен келишти десек да жаңылбайбыз. Бул жерде Украина жарандарынан турган бир топ эле маанилүү делегация болду. Белгилүү себептерден улам ал делегацияны атабайбыз, болбосо балдардын артынан түшүшөрүн түшүнүп турабыз. Эгерде Россиянын жана Украинанын активдүү жаштарынын көп санда чыныгы катышуусун кошуп эсептесек, анда бизде 190 өлкө болот", — деди Кириенко.
Ал Самоа, Маршалл аралдары жана Микронезиядан да келишкенин айтты.
Эске салсак, 1-6-мартта Россияда Жаштардын дүйнөлүк фестивалы өттү. Аны Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгы менен Сириус федералдык аймагында Росмолодёжь уюштурду. Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашты. Жаштар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болду.
Кыргызстандын атынан фестивалга 230га чукул адам катышкан.
Сириус: Жаштар фестивалынын коноктору Россияга, Путинге ыраазылык билдиришти