Швеция НАТОго расмий түрдө мүчө болду

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Швециянын НАТОго кошулуусу тууралуу протокол күчүнө кирди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенин РИА Новости жазды.

“Протокол 2024-жылы 7-мартта күчүнө кирди”, - деп билдирген Мамдеп.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен документке кол коюп, уюмга кирүүдө бардык шарттар аткарылганын жар салды.
Түндүк Атлантика келишимине ылайык, АКШ өкмөтүнө ратификациялык грамоталар берилгенден кийин дароо НАТОго мүчө болот.
Швециянын ЖМКлары өлкөнүн желегин НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде көтөрүү аземи 11-мартта өтөрүн билдирген.
Буга чейин Федерация кеңешинин вице-спикери (Россия парламентинин жогорку палатасы) Константин Косачев Швеция НАТОго киргенден кийин Россияда мамлекетке коркунуч жараткан өлкө катары кабыл алынып калышы мүмкүн экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина НАТОго кирсе да Батыштын аны коргоп турарына кепилдик жок