Путин: мамлекеттер аралык мамилени жөнгө салууга жаштар таасир эте алат

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ар бир адам өз өлкөсүндө, анын ичинде АКШда мыйзам чегинде өз позициясын билдирүүгө укуктуу болушу керектигин РФ лидери Владимир Путин Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын катышуучулары менен сүйлөшүп жатып билдирди.

"Албетте, жаштар мамлекеттер ортосундагы мамиле курууга өз салымын кошо алат. Ал үчүн болгону өз өлкөсүндө позициясын айтышы керек", — деген Путин.

Ошол эле учурда ал Россия чектен чыккан ээнбаштыкка чакырбай турганын белгилеген. Путин өз сөзүндө жаш муун өз мамлекетинин мыйзамынын жана Конституциясынын чегинде өз позициясын билдире аларын кошумчалаган.
Россия — эми силердин досуңар! Путин Сириуска келген жаштарга кайрылды