Ошто 300 миң дарактын, 1,5 млн гүлдүн көчөтү отургузулат. Жумуштар башталды

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарында быйыл 300 миңге жакын бак-дарактын жана 1,5 миллиондон ашуун гүлдүн көчөтү отургузулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн алгачкы жумуштар калаа бийлигинин жетекчилеринин катышуусунда башталып, автобекет тарабындагы Курманжан датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулган.
1 / 2

Ош шаарында быйыл 300 миңге жакын бак-дарактын жана 1,5 миллиондон ашуун гүлдүн көчөтү отургузулат

2 / 2

Бүгүн алгачкы жумуштар калаа бийлигинин жетекчилеринин катышуусунда башталып, автобекет тарабындагы Курманжан датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулган

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйыл шаарга 300 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал, можжевельник, туянын эки түрүн отургузуу пландалууда. Ошондой эле шаардын жол жээктерине, жашыл аймактарына, эс алуу бактарына, аллеяларга 20 миңге жакын бадал, гүлдүн 20 түрүнүн 1,5 миллиондон ашуун көчөтү тигилет.
Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган айылдарда жана четиндеги аймактарда мекеме-ишканалар жана жергиликтүү тургундар тарабынан 280 миңге жакын ар кандай сорттогу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулмакчы.
Кыргызстан жыл ичинде чет өлкөдөн 15 млн. көчөт сатып алды